Мекенди коргоочулар күнү менен
Урматтуу жоокерлер, Урматтуу мекендештер!
Сиздерди – Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!
Элибизде аскердик кызматка илгертеден бери болгон сый жана кадырлуу мамиле калыптанып калган. Себеби, элибиз ѳзүнүн бай тарыхында нечендеген жолу сырткы душмандардын кол салуусунан коргонуп келген. Ата Мекенинин эгемендигин жана элинин эркиндигин коргоп жатып, элибиздин улуттук мүнѳзү калыптанып жана курчуган.
Бул майрам Мекендин чегинде колуна курал алып турган адамды эле эмес, жалпы «Ата Мекен», «Милдет», «Парз» жана «Намыс» деген сѳздѳргѳ кайдыгер карабаган, күчтүү, эрктүү жана кайраттуу мекенчил замандаштарыбыздын майрамы да болуп эсептелет.
Урматтуу Мекенди коргоочулар, аскер ардагерлери!
Сиздерди элибиздин тынчтыкта эмгектенип, бала-бакырасын тарбиялап, келечекке жаркын үмүт менен караган бейпил турмушун камсыз кылып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии