№72 Абдыкерим Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясы

1 класска кабыл алуу

2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басме сөз кызматы билдирди.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 2 этап менен жүргүзүлөт.

I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,

II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

1-класска киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.

Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап 30-августка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00.

 

 

Микроучасток  ШГ №72

ул.Ахунбаева, 67/1,67/2,194,194а, 196,198,200,202,
Тыналиева1/1,1/2,1/3,3/2
мкр.Джал-23

 

1,5, 5/1б,5/2, 5/1а , 6/1,6,7/1,7,10,11,11/1,11/2,12,12а,13/2,13/3

13а,13,14, 14/1,15,16, 16/1,16/2,18, 18/1,18/2,19,20,21,22,23,23/1,23/3,23/4,24,25,26,26/1,26/2,28/1,28,29,31,31/2, 33,35, 35/1,37,66,67,68,70, 70/1,70/2,71,72,73,74,74/2,75/1,75/1а,75,77, 77/2,78,79, 79/1,80,81,82,82/1,83, 83/2,84,86,86/1,86/2,86/2а,86б,87,88, 88/1,88/2а,89, 89/1,90,91,92, 91/2,94, 94/1, 94/2,94а,98,101,103,103/1,198/1,200,204/1,204/2,204/3,204/4,