Баткенге жардам
Номер 72 мектеп-гимназисынын окуучулары Баткен окуясынан жабыркаган биздин жарандарыбызды, чек арада кызмат өтөгөн жоокерлерди колдоо максатында акчалай, тамак-аш, кийим -кечелерди чогултушту. Бүгүн чогулган гуманитардык жардамдын үчтөн бир бөлүгүн Бишкек шаарында Медеров көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын административдик имаратына жеткирип бердик. Акчалай жардам -26.000 сом, мындан сырткары тамак-аш( макароны, китлап, күрүч, гречка, суу май, кумшекер, ун, таттуулар), гигиеналык каражаттар тапшырылып берилди. Жалпы мектебибиздин окуучуларынын атынан Баткен элине, эл-жерин коргогон баатыр жоокерлерибизге ден соолук, кыргыз элибизге тынчтык каалайбыз ! Бар болгула биздин жоокерлер!
Комментарии